Кыргызстанга БЭМ үчүн нормативдик базасын түзүүгө катышууну сунушташты

Кыргызстанга Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке жана бул уюмга интеграцияны пландап жаткан башка мамлекеттер үчүн нормативдик-укуктук базаны түзүүгө катышууну сунушташты. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта, "Кыргызстан евразиялык интеграцияга карай сапар тартууда" аттуу эл аралык конференцияда Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шувалов айтып берди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн жетекчилиги мыйзам чыгаруучу массивди жана БЭМдеги мүчөлүктүн шарттарын иштеп чыгуу үстүндө активдүү иш алып барып жатышат. Шувалов нормативдик-укуктук базаны жана БЭМ боюнча макулдашуулардын параметрлерин, Кыргызстан жана уюмга мүчө болууну пландап жаткан башка мамлекеттер менен биргеликте иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД