ӨКМ өрт өчүрүүчү тик учактарга жана машиналарга муктаж

Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын бүгүнкү, 29-марттагы, жыйынында депутаттарга Кыргызстанга канча өрт өчүрүүчү тик учак жана машина керектиги тууралуу маалымат берилди.

Бүгүн "Республика" фракциясы өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу маселени карап атат.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков Кыргызстанга өрт өчүрүүчү тик учак керектигин билдирди. "Өткөн жылы Казакстан менен чектешкен аймактагы токой өрттөндү. Тик учак жок болгондуктан аны чакалап кол менен өчүрүүгө туура келди. Үч күн бою өрттүн алдын алууга аракет жасадык. Бирок өчүрө алган жокпуз. Үчүнчү күн гана казактардын тик учагы келип өрттү өчүрдү", -деди ал.

Депутат Исхак Пирматов Орусиядан гуманитардык жардам иретинде келген тик учак Афганистанга жеке аба каттамдарды жасап атканын айтып, ошол эле учурда КР ӨКМсы 1970-жылдары чыккан эски тик учактарды колдонуп атканын белгиледи. "Мындан ӨКМ кандай пайда таап атат? Бул маселе боюнча маалымат берүүңүздү суранам", - деп министрдин орун басарына кайрылды.

Алимбеков депутаттын айткандарын төгүнгө чыгарган жок. Ал тик учак коммерциялык учууларды 2009-жылдан 2011-жылдын ортосуна чейин жасаганын кийин аба каттамдар токтотулганын айтып, бир жарым жылдан бери тик учактар токтоп турганын кошумчалады. "Ушундан улам коммерциялык аба каттамдарын жандандыруу боюнча өкмөткө кат жолдонду. Анткени ӨКМнын карамагындагы ишкананы кармап турууга 40 млн сом керектелет. Биз ишкана өзүн өзү камсыздоосун каалайбыз. Ошентип Афганистанга болгон учуулар жанданды. Биз учактарда рынок баасында бир саатына 2,3 миң доллардан ижарага берип атабыз", - деди ал.

Ошол эле учурда Алимбеков бир ай ичинде гана коммерциялык учуулардан ишкананын эсебине 7 млн сом которулганын белгиледи. "Учурда техника бузук азырынча жөн гана турат", - деди ал.

Министрдин орун басары ошондой эле өрт өчүрүүчү машиналардын дээрлик тартыштыгын билдирди. "400 өрт өчүрүүчү машина керек, бизде болгону 247 гана атайын машина бар. Анын ичинде 2012-жылы жаңы алынган 73 машина да бар", - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД