МУККнын коррупцияга каршы кызматы жыл башынан бери 54 кылмыш ишин козгогон

2013-жылдан бери Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын коррупцияга каршы кызматы 54 кылмыш иш козгогон. Бул тууралуу коррупцияга каршы саясаттын маселелери жана МУККнын коррупцияга каршы кызматынын ролу тууралуу болгон тегерек столдо ведомствонун жетекчиси Бектен Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы кызмат тарабынан 298 иш козголгон. "Көпчүлүк иш боюнча тергөө жүрүүдө. 96 иш сотко берилди. Алардын 90%ына чечим чыккан", - деди Сыдыгалиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД