Казакстанда УКТ мүчөлөрү Кыргызстандан курал ташыганы үчүн кармалды

Алматынын укук коргоо кызматкерлери атайын кызматтын жана "Арлан" атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топту (УКТ) кармады. Алар Кыргызстандан мыйзамсыз курал ташуу менен алектенген. Бул тууралуу tengrinews.kz сайты Алматы шаарынын ички иштер департаментине шилтеме берүү менен билдирди.

Колго түшүрүү иши 28-мартта кечинде ишке ашкан. УКТ мүчөлөрүнүн жанынан АК-74 автоматы, "Сайга М-3" мылтыгы ок дарылары менен табылган.

Алматы шаарынын ички иштер депаптаментинин маалыматына ылайык, кармалган эки жаран тең Казакстандын жарандары. Алар буга чейин да соттолушкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД