Быйыл зыяратчыларды ташый турган авиакомпанияларга 15 талап коюлду (тизме)

1-апрелде муфтиятта Ажылык-2013 сапарында зыяратчыларды ташый турчу авиакомпанияларды тандоо боюнча тендер өткөрүлөт. Тендерге Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин (ЖАА), Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү катышмакчы.

Тендер муфтияттын Ажылык-умра бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага Азирети муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев төрагалык кылат.

Тендерге катышуу үчүн авиакомпанияларга коюлган талаптар:

1. КР Транспорт жана коммуникация министирлигинен (Жарандык авиация агенттиги) берилген тиешелүү лицензиялардын бар болушу;

2. Сауд Аравия Королдугунун (САК) авиацияга тиешелүү мекемелеринин, Жидда жана Мадина шаарларына САКтын талаптарына жооп берген учактары менен учууларды уюштурууга, тиешелүү уруксаты же макулдашуусунун болушу;

3. Катталган мамлекети, техникалык мүнөздөмөсү, учактын тиби, сыйымдуулугу, жогоруда аталган маршруттарда учканы белгилүү экиден кем эмес учактарынын бар болушу;

4. Авиакомпаниянын Ош аэропортуна учуп барып, кайра учуп келүүнү уюштура алышы;

5. Бир зыяратчынын учуп барып-келиш билетинин баасы;

6. САКтын учуу графигине карата белгиленген маршруттар менен учуп барып-келишин кепилдике алган Милдеттенме;

7. Рейс кечиктирилсе же пландалгандан сырткары бир жерге конгон болсо зыяратчыларды кызматтар менен камсыздоо (тамактануу, мейманкана ж.б.у.с.) милдеттенмеси;

8. САКка (Жидда жана Мадинага) слоттун (учуу графигинин) болжолу 2013-жылдын 20-сентябрынан 30-сентябрга чейин болушу;

9. 30 кг жана кошумча 10 литр зам-зам суусун (акысыз) жеткирип берүү;

10. КМДБна учуп барып-келүү слотторун 2013-жылдын 15-августка чейин тапшыруу;

11. Акыркы зыяратчыларды түз чартердик рейстер менен ташуу тажрыйбасынын болушу;

12. Учакта "ХАЛАЛ" стандартындагы тамак берилиши;

13. САКтын график боюнча Кыргызстанга зыяратчылар кайтып жатышканда Жидда жана Мадина шаарларынын аэропортторунда авиакомпаниянын өкүлүнүн болушу;

14. САКка каттаган учактарда, учуп чыгышы зарыл болгон зыяратчыларды отургузганга, кошумча орундардын болушу;

15. САКка түз чартердик каттамдарды уюштурганга лицензиясынын бар болушу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД