Атажуртчу депутаттардын тарапкерлери сот имаратына кирүүгө аракет кылышты

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун тарапкерлери сот иши өтүп аткан Биринчи Май райондук сотунун имаратына кирүүгө аракет кылышты.

Сот имаратынын алдындагы тартипке көз салып турган милиция митингчилерди тосуп, имаратка киргизишкен жок.

Белгилей кетсек, сот имаратынын алдына 300гө жакын киши митингге чыгышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД