Тербишалиев: Жер тилкелеринин мыйзамсыз кертилиши жемкорлуктун жыйынтыгы

Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев Бишкек шаарынын парк аймактарында жер тилкелеринин мыйзамсыз бөлүштүрүлүшү боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Тербишалиев Бишкек мэриясы тарабынан жер тилкелеринин бөлүштүрүлүшүндөгү мыйзам бузууларды далилдөөчү документтер менен материалдарды таркатып, бул боюнча Долбоорчулар ассоциасиясынан кайрылуу келип түшкөндүгүн билдирди. Андагы камтылган фактылардын изине түшүү зарылдыгын белгилеген депутат өткөн 2012-жылдын 19-апрелинде бул негиздеги иштерди иликтөө Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан колго алынгандыгын кошумчалады.

"Бирок, ошол жумушчу топтун Бишкектин башкы планы менен таанышууга мүмкүнчүлүгү жок болуп чыкты. Мунун өзү эле коррупциялык элементтердин кабатталып калгандыгын айтып турбайбы?! 2006-жылдан бери ордо калаанын мэриясы тарабанын бөлүнгөн жерлердин басымдуу бөлүгү мыйзамды тоотпостук менен колдон-колго өтүп келе жаткандыгына көз жуумп коюу жарабайт",- дейт Тербишалиев.

"Базар баасында 500 миңден 1 млн долларга чейинки бааланган жер тилкелеренин "жең ичинен" жемкорлордун ээлигине жеңил-желпи өтүп кетиши мамлекеттин казынасына сокур тыйынчалык пайда алып келбестен, кимдир бирөөлөрдүн капчыгын гана калыңдатууда",- деген пикирин билдирген депутат, бул теманы КСДП фракциясы да өз жыйынында кеңири талкуулай тургандыгын маалымдады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД