Мушкер Медер Мамакеев А классындагы эл аралык турнирде күмүш медаль утту

Кыргызстандык боксчу Медер Мамакеев СССРдин спорт мастери Николай Мангердин жаркын элесине арналган А классындагы эл аралык турнирде күмүш байке утуп алды.

Украинанын бокс федерациясынан билдиргендей, Мамакеев 56 кг чейинки салмак категориясы боюнча күч сынашкан. Ал финалдык кармашууда азербайжандык боксчу Жавид Чалыбаев менен беттешкен.

Андан сырткары Адилет Бекеев (60 кг чейин) финалга чыгуучу мелдеште украиналык мушкер Павел Ищенкого утулуп, үчүнчү орунду камсыз кылды.

Эскертсек, Николай Мангердин жаркын элесине арналган эл аралык турнирге Кыргызстандан алты спортчу катышкан.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча командалык эсепте Кыргызстан 10 команданын ичинен 8-орунду ээледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД