Ксения Палкина ITF турниринин жуптук беттешүүсүн жеңип алды

Кыргызстандык теннистчи Ксения Палкина 24-31-март күндөрү Түркияда өткөн ITF турниринин жуптук беттешүүсүн жеңип алды.

Мелдештин расмий сайты маалымдагандай, Палкина грузиялык теннистчи Оксана Каланишкова менен жуп болуп төрт мелдеш өткөрүшкөн. Алар финалдык беттешке чыгуу үчүн чехиялык жуп Тереза Матрисова жана Петра Роханованы 6:6, 6:2 эсебинде жеңип алышкан.

Финалдык беттеште алар түркиялык Башак Эрайдын жана Астралиялык Эбби Маярс менен беттешип, аларды да утуп алышкан.

Аталган турнирдин жалпы байге фонду 10 миң доллар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД