Эксперт: Кыргызстанга келген туристтерди бир гана Ысык-Көл кызыктырат

"Кыргызстанга караганда туристтердин Ысык-Көл аймагы боюнча жакшы пикирлери бар", - деп эксперт Максат Чекиев билдирди.

"Жакынкы чыгыштан туристтерди Кыргызстанга эс алып кетүүгө чакырсак да, алардын баш тартуусун угушубуз мүмкүн. Алар "Силерда атышып, революция болуп атыптыр"- дешүүдө. Бирок алар Ысык-Көлгө келип, эс алууга макул. Демек, өлкө өзүнө туристтерди тарта албайт, болгону бир гана аймак туристтерди тартууда. Бул өтө сейрек кездешүүчү нерсе. Эреже боюнча мамлекет менен аймак бир бүтүн катары карылыш керек. Мисалы, Афганистандын бир гана аймагы өзүнө тартып турат деп айтууга болбойт. Ошол эле АКШ, Германия өңдүү мамлекеттер жалпысынан бааланат",- дейт ал.

Чекиевдин айтымында, туризм бизнесинде тийиштүү пансионаттар менен ден-соолук чыңдоо борборлору гана активдүү жарнамаланат. "Мамлекеттик деңгээлде бир гана кен байлыктар же бир гана Ысык-Көл облусу колдоого алынууда. Ал эми мамлекеттин өзүн таанытуу жокко эсе, же ал өтө эле төмөн". Ал мындай көрсөткүч мамлекет маркетинг жагын эч колго албай аткандыгынан кабар берет дейт.

"Өкмөт Советтер Союзундагы режим менен иштеп, күнүмдүк гана маселелерди чечүүдө. Европа биримдиги тарабынан каржыланып, мамлекеттик брендди түзүү иштери жарым жыл мурда жасалган. Керек болсо китептер жана сайт да иштелип чыккан. Бирок анын жыйынтыктарын эч ким колдонбой атат", - дейт Чекиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД