Эртең Бишкектин айрым бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт

Эртең, 2-апрелде саат 9-00дөн 19-00гө чейин борбор калаанын айрым аймактарына таза суу берүү убактылуу чектелет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басмасөз кызматы билдирди.

"Западный" суу топтогучунда оңдоо иштери жүргөндүктөн Садыгалиев, Профсоюз, Фучика жана темир жол аймагында, ошондой эле Кызыл-Аскер, 110-кварталда, Достук жаңы конушунда таза суу убактылуу өчүрүлөт. Андан сырткары "Полибетон" АКта, "Шоро" ЖАКта, "Жашылча" ЖЧКда, "Кыргыз-Темир" АКта, Улуттук гвардиянын бөлүгүндө, "Кыргызконьягы" ЖЧКда, "Кыргызмебель", ИИМдин атайын мектебинде, "Илбирс " АКтын №1 филиалында, №15, 49, 50, 54 орто мектепте, "БАРЗ" мекемесинде, Назаралиевдин медициналык борборунда жана №1 мектеп-интернатта таза суу жок болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД