ВИЧ илдети жуккан балдар майыптар менен теңелет

ВИЧ илдети жуккан балдарды мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын категориясына киргизүүгө ниеттенишүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоор боюнча коомдук угуу учурунда Социалдык өнүгүү министринин орун басары Эрик Куйкеев билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору техникалык өзгөртүү жана толуктоолорду сунуштайт жана ВИЧ илдетине чалдыккан балдардын жөлөк пул алуусун жеңилдетип, аларга жардам берет. Учурда ВИЧ илдетине чалдыккан балдар жөлөк пул албайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД