Быйыл зыяратчыларды ажылыкка ташуу үчүн тендерге КТА гана арыз берген

Бүгүн, 1-апрелде, муфтиятта саат 12-00дө Ажылык-2013 сапарында зыяратчыларды ыйык жерге ташый турчу авиа компанияларды тандоо тендери өтөт. Муфтияттын басмасөз кызматынан "ВБ"га билдиргендей, тендерге катышуу үчүн "Кыргыз Транс Авиа" (КТА) авиакомпаниясы гана арызын берген.

Эскертсек, тендерге катышууну каалаган авиакомпанияларга коюлган 15 талапты муфтият Жарандык авиация агенттигине 7-мартта эле жолдогон. 19-мартта тендерге катышчу мамлекеттик мекемелерге өкүлдөрүн дайындоо суранычы жолдонгон.

Муфтияттын басмасөз кызматы тендерге катышуу үчүн алдын ала маалымат берилгендигин билдирди. Ошентсе да кээ бир компаниялар коюлган талаптарды маалында аткара албай, тендерди май айына жылдырууну суранышкан. Бирок тендер өткөрүү талаптары эреже боюнча маалында өтүшү керек.

Тендерди муфтияттын Ажылык-умра бөлүмү уюштуруп, төрагалыгын Азирети муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев кылмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД