Таэквондист Сергей Дубов Казакстандын чемпионатында күмүш медаль утту

Кыргызстандык Сергей Дубов ITF таэквондо боюнча Казакстандын чемпионатында күмүш байге утуп алды. Бул тууралуу ITF таэквондо боюнча федерациянын президенти Виталий Олейниченко "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, Дубов 78 кг чейинки салмак категориясы боюнча беттешип, Кыргызстандын атынан жалгыз катышкан. "Тилекке каршы каржылоонун жоктугунан көпчүлүк спортчулар чемпионатка бара алышкан жок", - дейт Олейниченко.

Казакстандын ачык чемптонаты 30-31-мартта Алматы шаарында өткөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД