Кыргыз-кытай чек арасы 4-7-апрель күндөрү жабык болот

4-апрелден 7-апрелге чейин кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан "Торугарт" жана "Иркештам" өткөрүү пунктары жабык болот. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөрүү пунктары Цань-Лин же, тазалык жана айкындуулук майрамын белгилөө үчүн Кытай тараптын демилгеси менен убактылуу жабылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД