Депутаттар дыйкандардын көйгөйлөрүн айтышты

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин бүгүнкү, 1-апрелдеги, жыйынында айыл-чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев Кыргызстанда айдап-себүү иштери 25%га аткарылганын билдирди.

Белгилей кетсек, депутаттар бул маселени такай көтөрүп, дыйкандар аларга аймактардагы аткаминерлер жазгы талаа иштерине жардам бербей атканын айтып арызданышарын айтышууда.

Министр быйыл жазгы-талаа иштери түштүк аймакта үч жума эрте башталганын билдирди. "Быйыл биз 588 миң гектар жерди айдоону пландап жатабыз. Бул 2012-жылга салыштырмалуу 87 миң гектарга көп. Ошентсе да маселелер бар. Мисалы насостук станцияларды оңдоо иштери жакында эле башталды. 100 станциянын 70и гана суу берүүгө даяр",- деди министр.

Профилдик комитеттин башчысы Сайдулла Нышанов бажычылар келген техникалардын документтерин батырак мыйзамдаштыруусу керектигин белгиледи. "Бул маселени создуктурууга болбойт, антпесе ар дайым эле дыйкандар жапа чегип калууда", - деди ал.

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев республикада тийиштүү көлөмдө айыл-чарба техникасы бар экенин белгиледи. "Дыйкандар техника алуу үчүн арыз беришти. Бирок алардын көпчүлүгү 30% алдын ала төлөөнү аткарышкан эмес, маселенин баары ушунда болууда. Ушундан улам алар айыл-чарба техникасын ала албай калды. Азыр айыл-чарба министрлиги менен биргеликте аймактарда техникалык сервистерди түзүүдөбүз", - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД