Жер көчкүдөн улам Нарындын жети айылы жарыксыз калды

Өткөн ишемби күнү, 30-мартта Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш шаарындагы иштебей турган заводдун аймагынан көлөмү 875 миң кубометр болгон жер көчкү жүргөн. Бул тууралуу ӨКМнын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Миң-Куш шаарынын тургундары, Кызыл-Сөөк, Сары-Булуң, Кызыл-Коргон, Тыбылгыты, Кең-Суу, Котур-Суу айылдарында да жарык өчкөн.

Келтирилген чыгым 1 млн 962 миң сом деп бааланууда.

Кырсык болгон жерде жарандык коргоо комиссиясы жана атайын штабдын адистери менен жергиликтүү тургундар да иш алып барууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД