Сокулук районунда төрөткананын жанынан ымыркай табылды

Сокулук районунда жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу Чүй ИИББнын басмасөз кызматы билдирди.

Кечээ. 31-мартта, Сокулук айылында төрөткананын жанына жаңы төрөлгөн европа улутундагы ымыркай кызды таштап кетишкен. Анын ден-соолугун текшерген дарыгерлер эч кандай коркунуч жок экенин билдиришкен.

Учурда ымыркайды таштап кеткен адам изделип, анын өздүгүн тактоо жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД