Кыргызстанга Таиландга түз авиакаттам ачуу сунушталууда

Бүгүн, 1-апрелде, Таиланддын Тышкы иштер вице-министри Жуллапонг Нонсричай Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен кезигүү учурунда, экономикалык кызматташууну калыптандырып, Кыргызстан менен Таиланд ортосундагы товар айлантууну жогорулатуу үчүн алгач, Бишкек менен Бангкок аралык түз авиакаттамдарды ачуу сунушун керек экенин билдирди.

"Кыргызстанда Таиланддын консулдугунун ачылышы жана түз каттамдар эки тараптуу туристтердин агымын көбөйтмөк", - деди Нонсричай.

Бирок, кайсы тараптын авиакомпаниялары ишке ашыраары азырынча так ишетлип чыга элек. Таиланддык авиакомпаниялар азырынча ички рейстерде гана жүрөөрүн эскерте кетти.

Андан тышкары Нонсричай Оторбаевге биргелешкен маданий иш чараларды тез-тез өткөрүп, соода делегациялардын эки тарапка тең көбүрөөк сапар тартуусун сунуштады. "Биз башка тармактарда да тыгызыраак иштешкенге даярбыз", - деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД