Москвада Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган кино күндөрү өтөт

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата өтчү иш-чаранын алкагында анын чыгармалары боюнча тартылган кинолор Москва шаарында көргөзүлөт. Иш-чараны өткөрүү боюнча Орусиянын маданият министрлиги менен Москва мэриясынын ортосунда сүйлөшүү болду. Эми анын убактысын жана кино көргөзө турчу жерди тандоо гана калды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиргендей, Айтматовго арналган иш-чара жана анын чыгармаларына тартылган кинолорду көргөзүү үчүн бир нече жер колдонулушу мүмкүн. Алардын бири Москвадагы киноактерлордун мамлекеттик театры. Бул жакта өткөн жылы Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрү өткөн.

Ошондой эле Москва кино үйүндө да иш-чара өтүшү мүмкүн. Бул жерде да кинематографияга байланышкан кыргыз-орус маданий иш-чаралары өтүп келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД