"Таш-Рабат" соода борборунун жанынан кишини бычактап кетишти

"Таш-Рабат" соода борборунун жанынан 20 жаштагы баланы бычактап кетишти. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басмасөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өткөн ишемби күнү түнкү саат 3төр чамасында М.Горький көчөсүндө жайгашкан "Таш-Рабат" соода борборунун жанынан белгисиз бирөө балага кол салган. Ал курмандыгын бир нече жолу курсакка сайган.

Жол көзөмөлдө кызматынын инспекторлору жана Бишкек ШИИБдин түнкү күзөткө турган кызматкерлери менен биргеликте изи сууй электе 21 жаштагы Балыкчы шаарынын тургуну колго түшкөн. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД