Быйыл ажылыкка баруунун жол акысы 1 500 доллар болду

Быйыл ажылыкка баруунун жол акысы 1 500 доллар деп белгиленди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын басмасөз кызматчысы Эсен Өмүракунов "ВБ"га билдирди.

Эскертсек, бүгүн, 1-апрелде Ажылык-2013 сапарында зыяратчыларды ташый турган авиакомпанияны тандоо боюнча тендер өттү.

Муфтияттын басмасөз кызматынан билдиргендей, тендерге катышуу үчүн "Кыргыз Транс Авиа" (КТА) авиакомпаниясы гана арызын берген. "Быйыл тендер өткөрүү боюнча маалымат бир ай мурда берилгенине карабай тендерге катышуу үчүн бир гана "Кыргыз Транс Авиа" (КТА) компаниясы арыз берген. Бул компанияга атаандаш болбогондуктан жол киренин баасын ылдыйлатуу бир аз кыйынга турду. Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев бааны түшүрүүгө жакшы эле аракет кылды. Былтыр тендерди бир жума калганда өткөргөн элек. Анда үч компания катышкан. Былтыр ажылык сапардын баасы 1 450 доллар болгон",- деди ал.

Өмүракунов быйылкы ажылык сапардын баасы 1 500 доллар болгонун кошумчалады.

Белгилей кетсек, быйыл ажылык сапарга учуу болжол менен 20-сентябрда башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД