Ызатбек Раатбеков снукер боюнча Бишкектин чемпиону аталды

Өткөн дем алыш күндөрү Бишкектеги Пул жана снукер мектеби снукер боюнча чемпионат өткөрүштү.

Кыргызстандагы снукер федерациясынын президенти Константин Коробовдун айтымында, чемпионатка жашы 12 ден баштап ар башка категорияда 25 катышуучу катышты. Жарым финалга Ызаатбек Раатбеков, Канат Сыдыков, Камал Юсуфзай Ооганстандан жана Зайлан Адамов чыгышты. Адамов айкалышкан пирамида боюнча дүйнө чемпионатынын коло байгечиси Канат Сыдыковду утуп чыкса, Ооганстандан келген конокту Раатбеков жеңди.

Финалдык беттешүүдө, 17 жашаар Раатбек 4:0 эсеби менен Бишкек чемпиону аталды. Ошондой эле, көптөн үмүттөндүргөн жаш оюнчулар 12 жашар Бостон Искендер уулу, 14 жашар Калыс Камчы уулу жана Мухамед Кримберди уулу мыкты оюн көрсөтө алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД