Бишкекте "Атакенин Акболоттун" бетачаары өтөт

Адегенде 3–апрелде Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте, андан соң 5–апрелде Улуттук китепканада белгилүү акын Акбар Рыскуловдун "Атакенин Акболот" аттуу тарыхый романынын бетачаары жана көргөзмөсү өтөт.

Акын Акбар Рыскуловдун айтымында, кара сөз менен жазылган бул романдын үстүндө 20 жылдан ашык убакыт эмгектенген. Аталган роман өткөн жылы толук китеп болуп миң нуска менен жарыкка чыккан. Романда 18-19 кылымдардагы тарыхый окуялар, кыргыздарга жасалган жоңгор, калмак, кытай жана казак баскынчылыгы, кыргыздын санжыргалуу инсаны Атаке баатыр жөнүндө тарыхый булактарга таянган окуялар көркөмдүк менен берилген.

Айтмакчы, аталган чыгарма 2012–жылы Чыңгыз Айтматовдун "Ысык–Көл форуму", "Турар" басмаканасы жана "Жаңы Ала–Тоо" адабий журналы биргелешип жарыялаган проза боюнча эл аралык "Арча" адабий сыйлыгын утуп, 100 миң сомго ээ болгон. Ал эми ушул романы үчүн Акбар Рыскуловду "Жаңы Агым" гезити "Жылдын мыкты жазуучусу" деп тапкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД