Мамбюджеттин эсебинен 87 объект ишке киргизилет

Ушул жылы республикалык бюджеттин эсебинен каржылана турган объект жана курулуштардын тизмегине "капиталдык каржылоо" беренеси боюнча 178 объект кирди. Айтылган максаттарды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик казынага 2 млрд 400 млн сом салынды. Бул тууралуу Каржы министрлиги "ВБ"га билдирди.

Каржылоо апрелден баштап ачылат. Биринчи кезекте авариялык абалдагы же болбосо 60% бүткөрүлгөн объектилерге приоритет берилет. Андайларга 87 объект кирет, анын ичинде, 40 билим берүү объектиси, 17 саламаттыкты сактоо, Ош жана Жалал-Абаддагы кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясынан калган 7 объект, 6 көпүрө, 4 жол, 4 чек ара объектилери жана башкалардан 9. Жогоруда айтылгандардын кайра калыбына келтирилүүсү же курулушу толугу менен каржыланат.

"Көрсөтүлгөн тизмек толугу менен бекий элек. Мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүгүнө жараша, дагы кеңейтилиши мүмкүн", - деп Каржы министрлигинде кошумчалашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД