Кыргызстандык жаш шахматчылар Азия чемпионатын жеңиш менен башташты

Кыргызстандык жаш шахматчылар Жохар Жаанбай уулу менен Айжан Алымбай кызы 20 жашка чейинки оюнчулар арасында Азия чемпионатына катышууда.

Мелдиштин расмий сайты кабарлагандай, Жохар биринчи турда Непалдык Жайсвал Рупешти утуп, экинчи турда иорданиялык Або-Хазем Мохаммедди жеңип алган.

Эки турдун жыйынтыгы менен кыргызстандык спортчу бардык мүмкүн болгон эки упайды чогултуп, 5-орунда келе жатат.

Кыздар арасындагы мелдеште Айжан Алымбай кызы 1,5 упай топтоп, 9-орунда келе жатат. Биринчи турда Айжан индиялык Савант Рий менен тең чыкса, экинчи турда Бириккен Араб Эмиратынан келген Кальбан Вадемди утуп алган.

Чемпионат ушул күндөрү Бириккен Араб Эмиратынын Шардж шаарында өтүүдө жана ал 7 апрелге чейин уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД