ОБСЕ Кыргызстанга курал-жарак сактоочу кампа курууну сунуштап жатат

Бүгүн, 1-апрелде, коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында, коргонуу министринин орун басары Замир Суеркулов депутаттарга кадимки ок-дары запастары, жеңил жана ок атуу курал жарактары боюнча программаны ишке ашыруу тууралуу ОБСЕ менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара түшүнүү Меморандуму менен тааныштырды. Депутаттар меморандумду колдошту.

Документке ылайык, Кыргызстандын территориясында ок-дары үчүн жаңы кампа салуу сунушталууда. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн эл аралык уюм миллион евро жумшоого даяр.

Социал-демократ Исмаил Исаков меморандумду сөзсүз колдоо заыр экенин айтып чыкты. "Ошто ок-дары кампалары абдан көп. Аларды дыкаттык менен кайтаруу зарыл. Аларды кайтарууда колдоо көрсөтөбүз дешсе макулдугубузду билдиришибиз керек", - деди депутат.

Парламентарий Ирина Карамушкина мамлекеттеги складдар "чындап эле мышык ыйлаарлык абалда" экенин айтты. "Ал эми ОБСЕ бизге жаңыларын куруп берем деп жатат. Эскилерибиз турганда, жаңыларын салуу үчүн миллион евро алуубуз керекпи? Жана ал каражаттын багыттуу колдонулуп жатканын ким көзөмөлдөйт?", - деген суроо узатты.

Суеркулов каржаттын колдонулушун ОБСЕ өзү көзөмөлгө алаарын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД