Баткенде кытай тилин үйрөтүүчү борбор ачылат

Вице-премьер-министр Камила Талиева бүгүн, 1-апрелде, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин алдындагы Конфуций институтунун директору, Синьцзян педагогикалык университетинин профессору Ма Ле менен жолукту. Бул тууралуу КР өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Конфуций институтунун директору 4 жыл ичинде жетишкен ийгиликтери тууралуу айтты.

Вице-премьер-министр билим берүү жана маданият тармагында эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазчылык билдирип, анын кыргыз тилин жакшы үйрөнүп алганына суктанды.

Талиева институт 8 конфуций классын ачкандыгын белгилеп, ар бир класстын наркы 30 миң доллар экенин айтты. Андан сырткары 18 мультимедиялык аудитория ачылганын, алардын ар бирин жабдууга 3,5 миң доллар кеткенин айтты.

Маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасына окуу үчүн 600дөн ашык студент жөнөтүлгөн. 800 кытай тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча курстар да уюштурулган.

Жолугушуу учурунда Баткен облусуна кытай тилин үйрөтүүчү борбор ачуу да талкууланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД