Бүгүнкү күндө борбор калаада 180 654 даана автоунаа расмий катталган

Бүгүн, 1-апрелде, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинде Бишкек шаарынын экологиялык абалы талкууланды.

Бишкек шаарындагы автоунаалардын санынын жылдан жылга өсүшүнөн жана алардын эскилигинен улам атмосфералык абанын 80%ы булганууда. Бүгүнкү күндө борбор калаада 180 654 даана автоунаа расмий катталган. Ошону менен катар борборго күнүнө 30-40 миң автоунаа кирип чыгат. Аларды 94 май куюучу бекет тейлейт. Шаардагы абанын булганышын шарттаган дагы бир фактар бул Бишкек ТЭЦи жана "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасы болуп саналат.

Талкууда депутаттар атмосфералык абанын булганышына көрүлүп жаткан чараларга кызыгышты. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдыкалык Рустамовдун айтымында, Бишкек ТЭЦинин буу казандарын заманга ылайык жаңылоо боюнча эскертүүлөр берилип келе жатканын айтып, быйыл тетиктерин алмаштырууга аталган мекеме жетекчиси убада кылгандыгын айтты. Ошону менен катар эл ташуучу маршруттук автоунааларды колдон келишинче электр кубаты менен жүргөн траллейбустарга алмаштыруу боюнча дагы мэрияга маселе коюлгандыгын кошумчалады. Мындан сырткары, колдонулган сууларды, айрыкча шаардын айланасындагы 47 жаңы конуштардагы колдонулган суулардын баарын борборлоштурулган суу түтүктөрүнө кошуу маселеси да курч турат.

Депутат Мамытбай Салымбеков автоунаа жуучу жайларда ичүүчү суулар колдонулуп жаткандыгын айтып, алардын колдонгон суусун топтоп, аны кайра иштетүү менен автоунаа жууганда пайдалануу боюнча сунуш берсеңер деген өтүнүчүн жогорудагы экологияны коргоочу мекемелерге жолдоду. Ал эми депутат Талантбек Узакбаев полиэтилен баштыкчаларын колдонууга тыюу салууга мезгил келип жеткенин, дүйнөдө практикаланып келаткан кагаз баштыкчаларына өтүү керектигин айтты.

Жыйынтыгында Бишкек мэриясына ТЭЦтин жана "Бишкекжылуулукэнергонун" буу казандарын капиталдык ремонттон өткөзүү жана модернизациялоо тапшырылды. Ошондой эле газ, чаң чыпкалоочу жабдыктарды жайылтуу, кыймылдаткычтарынан түтүндүн жана газдын көрсөткүчү жогору болгон автоунааларга чара көрүү, жаңы конуштарда канализация түтүктөрүн куруу, май куюучу бекеттердин мыйзамдуулугун иликтөө сындуу тапшырмалар берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД