Бишкек шаарынын бюджети бүгүн шаардык кеңештин отурумунда каралат

Бишкек шаарынын бюджети бүгүн, 2-апрелде, шаардык кеңештин отурумунда каралат. Бул тууралуу "ВБ"га шаардык кеңештин басма сөз катчысы Сырга Алымова билдирди.

Маалыматка таянсак, сессиянын жүрүшүндө негизги маселе болуп Бишкек шаарынын 2013-жылдагы бюджетин бекитүү каралат. Бюджет жана каржы боюнча комиссия бюджет долбоорун карап чыгып сессияда өзүнүн эскертүүлөрүн айтмакчы.

Мындан сырткары күн тартибинде 18 маселе каралат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД