Донорлор Нарын районунда сүттү кайра иштетүүнүн көлөмүн арттырууга жардам берет

Нарын районунда күн сайын 7-8% гана сүт кайра иштетилет. Ал эми 10 тонна, же сүттүн 80 пайызы сырьё түрүндө ташылып кетет. Бул тууралуу Нарын районунун аким орун басары Нурлан Абакиров "ВБ"га билдирди.

"Дөбөлү айылындагы "Мол Булак" сүт цехинде күнүнө 200 литрдей сүт кайра иштетилет. Эл аралык донорлордон жаңы жабдуу алуу үчүн 1,5 млн сом тарттык. Алар сүттү кайра иштетүүнүн көлөмүн арттырууга мүмкүндүк берет. Буюрса бир күндө 2,5 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүнү пландап жатабыз", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД