Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

1-апрелде КР президенти Алмазбек Атамбаев " Токтоназар Бердикеев жөнүндө" Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын негизинде КР Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык:

Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин сунушу боюнча Бердикеев Токтоназар Нарыкбаевич өз каалоосу боюнча 2013-жылдын 1-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Талас облустук сотунун төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД