Президент жергиликтүү соттордун эки судьясын жумуштан алды

2013-жылдын 1-апрелинде КР президенти Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларын кызматынан четтетүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлыктын негизинде Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" мыйзамдын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык:

КР судьялар Кеңеши Башкы прокуроруна Кушчубай Султановду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу, ал жергиликтүү сот судьясынын кызматынан жана Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн четтетилди.

Ошондой эле КР судьялар Кеңеши КР Башкы прокуроруна Урмат Чырмашевди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу, ал да жергиликтүү сот судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн четтетилди.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД