Дарбазачы Марсель Исламкулов казакстандык клубда ойнойт

Кыргызстандык дарбазачы Марсель Исламкулов бул сезондо Биринчи лигадагы "Астана-1964" клубу үчүн ойнойт.

Клубду расмий сайтында маалымдалгандай, Исламкулов биринчи лигадагы мыкты деп аталган дарбазачылар Игорь Шацкий жана Куандык Ермекбаевге атаандаш болот.

Жаш голкипер мурунку сезондо канттык "Абдыш-Ата", андан мурун киевдик "Динамо-2" үчүн ойногонун белгилей кетүү зарыл.

"Астана-1964" Казакстандын үч жолку чемпиону, Казакстан Кубогунун үч жолку ээси . Учурда команда Казакстандын Биринчи лигасында ойноп жатат. Өткөн жылы биринчи лиганын коло байгечиси болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД