Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин кирешеси чыгашасынан ашты

Жыл башынан бери мамлекеттин республикалык жана жергиликтүү бюджеттерине 23 млрд 46 млн сом түшкөн. Ушул эле учурдагы чыгаша 22 млрд 245 млн сом болгон. Ошондо киреше чыгашадан 801 млнго көп экен. Бул маалымат "Ачык бюджет" интернет-порталында жайгашкан. Анда казынанын маалымат системасындагы данныйлар алынып, он-лайн режиминде жаңыланып турат.

Каржы министрлигинин башка интернет-булактарындагы маалыматка ылайык, 2013-жылдын башына мамлекеттик карыз 156 млрд 719 миң сом. Анын ичинен 143 млрд 713 млн (91,7%) тышкы карыз жана 13 млрд 6 млн (8,3%) – ички карызды түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД