Азимбек Бекназаров президент менен гана жолугууга макул

Оппозиционер жана коомдук ишмер Азимбек Бекназаров бүгүн, 2-апрелде, президенттен башка бийлик өкүлдөрү менен жолукпай турганын билдирди.

Эскертсек, кечээ, 1-апрелде, акыйкатчы Турсунбек Акун 4-апрелде анын демилгеси менен бийлик органдарынын өкүлдөрү жана бир катар оппозиционерлер менен жолугушуу боло турганын айткан.

"Оппозициянын өкмөт менен же президент аппаратынын өкүлү Данияр Нарымбаев менен сүйлөшө турган эч нерсеси жок. Бардыгын президент чечет. Андыктан президент бул жолугушууга өзү келе турган болсо гана мен барам", - дейт Бекназаров.

Анын айтымында, "эгер Атамбаев өз алдынча оппозиция менен жолугушууга даяр эмес болсо, демек бийлик дале болсо 15 жыл мурдагыдай кызматташып атабыз деген гана нерсени жасап атат".

Бекназаров андан тышкары президент парламенттеги "Ата-Журт" фракциясынан башка төрт фракциянын жетекчилери менен болгон жолугушууга келиши керек деген шартын билдирди. "Андай болбосо мен барбайм. Башка оппозиционерлерге да ушуну сунуштайм. Мен Турсунбек Акунга Нарымбаев же Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуу биз үчүн керек эмес деп айтып келе жатам",- дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД