Шаардык кеңештин бюджет боюнча жыйыны кайым айтышуу менен башталды

Бишкек шаардык кеңештин бүгүнкү, 2-апрелдеги, жыйынында КСДП фракциясынын депутаты менен "Республика" фракциясынын депутаты 2013-жылдын бюджети мэр Иса Оөмүркулов тарабынан тааныштырылышынан улам кайым айтыша кетти.

Республикачы Эрнис Докенов шаар кеңешинин жыйынында бюджет шаар башчысы тарабынан тааныштырылышы керек деп билдирди. Бирок КСДПнын өкүлү анын сунушу менен макул болгон жок. Өз кезегинди Докенов: "Регламентке ылайык мэр бюджетти жыйынга алып чыгат. Эмне үчүн копчүлүк коалиция мэрди коргоп, сүйлөгөнгө да мүмкүнчүлүк бербей атасыңар",- деди ал.

Өмүркулов бюджеттин долбоорун тааныштырууда эч кандай тоскоолдуктарды көрбөй турганын билдирди.

"Келгиле ким кимди коргоп атканын айтпай эле коёлу. Мисалы мен бизди абдан коргойм", - деп СКДП фракциясынын депутаты Павел Десятниов Докеновго кайрылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД