Хоккей: Нарындын "Ала-Тоо" командасынын курамы 40%га жашарат

"Республиканын кийинки чемпионатында хоккей боюнча нарындын "Ала-Тоо" командасынын оюнчуларынын 40%ы жаш оюнчулар менен толукталат", - бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде, Нарын облусуна болгон пресс-тур учурунда команданын машыктыруучусу Болотбек Бектемишев билдирди.

Анын айтымында, хоккейчилер кыш мезгилинде Нарындагы спорт мектептин ачык муз аянтында машыгышат. Жаздын келиши менен муз аянты жараксыз болуп калат. Андыктан жай мезгилинде алар борбор калаадагы муз аянттарында айына бир жолудан келип машыгып турушат.

Эскертсек, "Ала-Тоо" командасы ресубликанын чемпиону болуп саналат.

"Облуста жабык муз аянтынын болбошу хоккейдин өнүгүшүнө терс таасир берүүдө. Ага карабастан жаштар спорттун бул түрүнө кызыгышат. Учурда облустагы спорт мектебинде балдар алты жаштан баштап машыгышат жана келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш хоккейчилер да бар. Хоккей командасынын 40% оюнчулары ушул жаштар менен толукталат", - деди машыктыруучу.

Ал ошондой эле жабык муз аянтын курууга 10 млн доллар кете турганын кошумчалады. "Бир оюнчунун кийимдери жана шаймандары эле 1,5 миң доллар болот. Бизге ишкер Аскар Салымбеков жана өкмөттүн облустагы өкүлү Канатбек Муратбеков демөөрчүлүк кылып келет", - дейт Бектемишев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД