Президент 763 адамды Кыргызстандын жарандыгына кабыл алды

30-мартта президент Алмазбек5 Атамбаев "Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу" буйруктарга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Белиленгендей, кол коюлган буйруктан төртөө - 763 адамды Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу (637 чоңдор жана 126 балдар), анын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген Тажикстан менен Өзбекстандан келген этникалык кыргыздар.

Андан тышкары үч буйрук – 808 адамдын Кыргызстандын жарандыгынан чыгуусу тууралуу (615 чоңдор жана 193 балдар).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД