Алтынай Жумашева: Быйыл Азиянын дебат боюнча форуму Кыргызстанда өтөт

"Азиянын дебат боюнча эң маанилүү иш-чарасы 8-апрелден 21-апрелге чейин Ысык-Көлдөгү "Каприз" эс алуу борборунда өтөт. Бул иш-чарага Азия мамлекеттеринен 150дөн ашык катышуучу келет". Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде, IDEA дебаттардын эл аралык билим берүү ассоциациясынын аймактык координатору Алтынай Жумашева "ВБ"да өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чаранын өтүшү Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу. "Анткени IDEA эл арлык билим берүүчү дебат ассоциациясынын Борбордук Азияда Бишкекте биринчи болуп аймактык офиси ачылган. Дебат боюнча Азиянын биринчи форуму Таиландда өткөн. Быйыл экинчи болуп Кыргызстанда өткөн атат", -дейт ал.

Жумашева ошондой эле дебат боюнча атайын сабактар мектептерде жана университеттерде кирип баштаганын кошумчалады. "Дебат бул чечендик боюнча сөз байлыгын байытууга жакшы жардам берет. Дебат – бул бир окуя тууралуу далилдүү фактыларды, өз оюн толук айтып берүүгө мүмкүндүк берет", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД