Нурлан Абдалиев: Кыргыз тилинде дебатты өнүктүрүүгө кызыктарбыз

"Кыргыз тилинде да дебатты өнүктүрүүгө кызыктарбыз. Азыр бизде көптөгөн англис тилинде материалдар бар. Алардын кыргыз тилине которуп, оюнчуларга берүүгө биз кызыктарбыз. Азыр кыргыз тилинде оюнчуларды машыктыра турган тренерлер саналуу гана", -деп Бишкек дебат борборунун эксперти Нурлан Абдалиев "ВБ" да өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда аймактарды да дебат оюндарына камтуу аракеттери болууда. "Кыргыз тилинде дебаттарга катыша турган оюнчуларды да даярдоо керек. Тилекке каршы, аймактарда бул иш бир аз солгун. Кыргыз тилиндеги дебатка катышкандар Кыргызстан менен гана чектелип калышууда. Ошентсе да аларды кызыктырып, бул тармакты да өнүктүрүү пландарыбыз бар", - дейт ал.

Абдалиев ошондой эле эл аралык деңгээлдеги дебат оюндарына катышуу үчүн орус, же англис тилине басым жасалганын жашырган жок. Ал эми IDEA дебаттардын эл аралык билим берүү ассоциациясынын аймактык координатору Алтынай Жумашева Борбор Азиядагы орус тилиндеги күчтүү дебаттардын бири - бул Айтматов атындагы дебат экенин кошумчалады. "Кыргызстан эки жылдан бери Чыңгыз Айтаматов атындагы дебаттарды өткөрүп келет. Бул иш-чара орус тилинде өтөт жана мурдагы СССР мамлекеттеринин ичинен орус тилинде өткөн эң күчтүү академиялык дебаттардан болуп эсептелет", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД