Эл аралык ишкер кеңеши интеллектуалдык менчикти коргоону колго алат

Эл аралык ишкер кеңешинде (ЭИК) интеллектуалдык менчик боюнча комитет түзүлдү. Маалымдалгандай, анын милдети "ата-мекендик бизнестин интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү жана калыптандыруу, ошондой эле өлкө экономикасындагы атаандаштыкты жогорулатуу" болуп саналат.

Жаңы комитеттин төрагасы болуп "АРТЕ" юридикалык фирмасынын директору Саадат Шакирова дайындалды.

"Бизнес алдында башкаруу жана интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча маселеси турат. Анткени, ар бир компаниянын аталышы жана товардык белгиси бар. Компаниялар өздөрүнүн көркөм нерселерин, ойлоп табууларын жана үлгүлөрүн түзүшөт" ,- дейт ал.

Шакирова ошондой эле, интеллектуалдык менчик боюнча комитеттин алгачкы жыйынына алты компания жана Кыргызпатенттик кызматкерлери катышканын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД