Ишимбай Чунуев: Тоо-кен тармагынын өнүгүүсүнө кээ бир акимдер бут тосууда

"Тоо-кен тармагынын өнүкпөй жатышына жергиликтүү элдин каршы болушу да терс таасирин тийгизип атат. Премьер-министр менен өлкөдөгү кендерди кыдырып чыктым. Бардык жерде абал бирдей, техникаларды талкалап, ал жерлерди басып алууда. Бул жерде кандайдыр бир күчтөр иштеп атат. Мен коркпой айта алам, кендердин иштешине акимдер жана жергиликтүү жумуш берүүчүлөр каршы болууда. Анткени алардын жумушчулары айлык акысы жогору жумуштарга кетип калат деп коркот",- дейт ал. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Ишимбай Чунуев "ВБ"да өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле, лицензиялык иштин документтери көчүрүлүп алынгандыгын да кошумчалады. "Кимдир бирөө лицензиялык ишти алып, аны көчүрүп, өзүнүн мөөрүн басып алууда",- дейт ал.

Чунуев ошондой эле лицензиялык комиссиянын иши туура эмес жүргүзүлүп атканын кошумчалады. "Ал жерде координацияларды сатуу, лицензиялык иштерге кезексиз кирүү тууралуу аракеттер болгон",- дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД