Тоо-кен боюнча кабыл алынган жаңы мыйзам иштөөгө тоскоолдук болууда

"Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги жаңы кабыл алынган мыйзамдан улам иши бир аз создуктурулуп атат. Анткени ал жердеги бир канча пунктар карама-каршы келип калган. 170тен ашык лицензиялык иш ушундай улам каралбай калып атат". Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Ишимбай Чунуев "ВБ"да өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жаңы мыйзам боюнча аларды жокко чыгаруу керек. "Лицензия ээлеринин кээси атайын бонустарды төлөп койгон. Кээси лицензиялык макулдашууну узартпай калган. Андыктан биз бардыгын жаңы мыйзамга такап чечүү үчүн көп убакыт керек болуп атат. Бул тууралуу юстиция министрлигине кат жазганбыз. Жакын арада ал да чечилет", -дейт ал.

Ал ошондой эле жаңы мыйзам боюнча агенттик лицензияны жокко чыгара албай турганын кошумчалады. "Жаңы мыйзамга ылайык, лицензияны кармап кечиктирүү боюнча атайын айып пулдар салынат. Андыктан көпчүлүк лицензия жокко чыккан жок",-деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД