"Тыңдоого" уруксаат алгандардын тизмегин закондуу түрдө бекитүү сунушталды

"Ата-Журт" фракциясынан депутат Курманбек Осмонов, бүгүн, 2-апрелде, мыйзамдуулук, тартип жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында шектүүлөрдүн телефондору тыңшалып жатканын билген адамдардын тизмегин кыскартууну сунуштады.

Анын айтымында, тыңдоого уруксаат алгандардын так тизмеги жок жана кимге мындай уруксаат берилери да мыйзамда жазылган эмес.

Депутат мындай укук менен иликтөө органдарынын кызматкерлери иликтөө жүргүзүп жаткан маалда гана тыңдай алышы керек. Ошондо да республикалык жана облустук деңгээлдеги прокурорлор гана.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД