Көмүр кендерине лицензиясы жок эле кирип, кен казгандар да бар

"Азыр көмүр кенин иштетүү аз-аздан болсо да жүрүп атат. Ошентса да лицензиясы жок эле шахталарга кирип, ал жерден көмүр казгандар бар. Мисалы, Таш-Көмүр, Кара-Суу аймагындагы шахталарга эч кандай техникасы жок эле көмүр казып аткан бир нече жаран каза болду". Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Ишимбай Чунуев "ВБ"да өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттикте коррупция менен күрөшүү жүрүп атканын билдирди. "Азыр беш коррупциялык система боюнча иштеп атабыз. Алардын ичинде кадрдык саясат, жумушка чыгуу тартибин да тактап атабыз. Себеби, кээ бир кызматкерлер ооруп атам деп жумушка чыкпай койгон учурлар бар. Менин орун басарым да коррупциялык иштерге аралашып калыптыр, ал да 7-мартта жумуштан кетти. Коррупцияны агенттик жалгыз гана чече албайт экен. Ага ЖМКларда жардам берип атат",- дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД