Көк-бөрү боюнча Азиянын биринчи чемпионаты Казакстанда өтөт

Улуттук көк-бөрү оюну боюнча Азиянын биринчи чемпионаты Казакстанда өтөт. Бул тууралуу Улуттук спорт оюндары борборунун директору Алмаз Касенов бүгүн, 2-апрелде, маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Азиянын биринчи чемпионаты июль айында Астана шаарында өтөт. "Азиянын чемпионатын бизде өткөрүүнү кааладык. Бирок казак тарап бизде митинг же революция болуп калса, чемпионатка келе албай калат. Ал эми бул иш-чарага Казакстан катышпаса оюн кызыксыз болуп калат. Андан сырткары көк-бөрү оюну эл аралык деңгээлге чыгышы биз үчүн абдан маанилүү", -деди Касенов.

Эскертсек, көк-бөрү боюнча эл аралык федерациянын штабы Бишкекте жайгашкан. Анын президенти казакстандык Кайрат Сатыбалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД