Орусияда каза болгондордун сөөгүн "Эйр Бишкек" компаниясы да бекер алып келет

"Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги "Эйр Бишкек" авиакомпаниясынын башкы директорунун Орусиянын аймагында каза болгон жарандардын сөөгүн бекер алып келүү боюнча кабыл алган чечимин кубаттайт. Мындай кадамды үйүнөн алыс жерде иштеп жүргөн мекендештерге карата жасалган урмат-сый деп эсептейбиз". Бул тууралуу элчиликтин үчүнчү катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Катчынын айтымында, мындай демилгени биринчилерден болуп "Кыргызстан" компаниясы көтөргөн. 2012-жылдын 10-декабрынан тарта Орусиянын аймагында каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине бекер алып келе башташкан.

"Ушундай эле чечимди Кыргызстандагы "Эйр Бишкек" авиакомпаниясы да кабыл алып отурат. Бир канча күн мурун бизге компаниянын жетекчилиги тарабынан жүк-200дү мекенине бекер алып келүү боюнча чыгарылган чечимин кат түрүндө алдык. Ал компания тарабынан 2012-жылдын 13-декабрында эле кабыл алыныптыр. Мындай чечим Кыргызстандын жарандарын колдоо социалдык программасынын алкагында кабыл алынган. "Эйр Бишкек" кабыл алган маанилүү чечими тууралуу коомчулукту анчейин кабардар кылган эмес. Биз мындай чечимди жалпы коомдун билүүсү үчүн аракет көрүп атабыз", -дейт ал.

Элчиликтин маалыматына ылайык, 2012-жылы Орусиядан Кыргызстанга 328 кишинин сөөгү жөнөтүлгөн. Ал эми 2013-жылдын башынан бери 18 маркумдун сөөгү мекенине келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД