Турсунбек Акун: Президент бийликтин оппозиция менен болчу жолугушуусуна келбейт

Акыйкатчы Турсунбек Акун 4-апрелде ал тарабынан демилгеленген бийлик менен оппозициянын жолугушуусуна президент катышпай турганын билдирди.

Анын айтымында, бул жолугушууга Жогорку Кеңештеги үч фракциянын лидери – Өмүрбек Текебаев ("Ата Мекен"), Феликс Кулов ("Ар-Намыс") жана Чыныбай Турсунбеков (КСДП) макулдугун берген.

"Бул жолугушууну өткөрүү үчүн бир канча күндөн бери бийлик менен да, оппозиция менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрүп атам. Алгачкылардын болуп өзүнүн алдан ала макулдугун Текебаев берди. Андан соң Кулов менен Турсунбеков берди. Кулов өзүнүн ордуна өкүлүн жибериши мүмкүн. КР президент аппаратынын жетекчиси Данияр Нарынбеков да макулдугун бергендей болду, бирок азыр ал баш тартууда. Президент өзү келсин, же делегация түзсүн деп азыр биз Атамбаевдин жеке өзүнө кат жазып атабыз. Бийликтеги кишилер оппозициянын суроолоруна жооп бериши керек", -дейт Акун.

Өлкөнүн башкы укук коргоочусу ошондой эле, министрликтер менен өкмөттүн башка түзүмдөрү оппозициянын суроолоруна жооп берүүгө даярбыз деген алдын ала жоопторун бере электигин кошумчалады.

Бийлик менен оппозициянын жолугушуусуна камалган атажурчу депутаттардын тарапкерлери, оппозициялык топторун лидери Мукар Чолпонбаев, Мирослав Ниязов, Турат Акимов, Роза Нурматова келери айтылууда.

"Жолугушууга нейтралдуу тарап – бейөкмөт уюмдар менен укук коргоочулар да чакырылган",- деди Акун.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД