Кыргызстанда тарыхый-этнографикалык "Кыргыз Ордо" борборун салышат

Улуттук "Ала-Арча" паркынын жанында "Кыргыз Ордо" тарыхый-этнографикалык борбор салуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде, Улуттук спорттун түрлөрү борборунун жетекчиси Алмаз Касенов билдирди.

Анын айтымында, "Кыргы Ордодо" улуттук оюндар тарыхынын музейи болот. Анда ордо, тогуз-коргоол үчүн аянттар, көк бөрү жана ар кандай дистанциядагы ат жарыштары үчүн ипподром бөлүнөт.

Борбордун курулушуна мамлекеттен "Ала-Арча" сейил багынын жанынан 20 гектар жер сурадык, дейт Касенов. "Биз борбордун эскизин даярдап, президентке көргөздүк. Ал бул демилгени колдоп, учурда мамлекеттин жер бөлүп берүү башкармалыгы бул маселени карап жатат", - деди Касенов.

Касеновдун пикири боюнча, келечекте борбор чет элдик туристтердин кызыгуусун арттырат. "Биз инвесторлорду тартып келебиз, мамлекет тарбынан да колдоо болот деген ишенимдебиз", - деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД